Акылбек Жапаров «Манас» жана «Ош» аэропорту тышкы башкарууга өтпөй турганын билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 8-июлда “Манас” жана “Ош” эл аралык  аэропортторунун айланасындагы кырдаалга комментарий берди.

“Манас” жана “Ош” аэропорттору боюнча келишим Кыргызстандын кызыкчылыгын толук камтыбагандыгына байланыштуу андан баш тарттык. Албетте, ар бир инвестор максималдуу түрдө пайда көрүп кетүүнү каалайт. Бирок биз дагы максималдуу түрдө элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөшүбүз керек. Мамлекеттин кызыкчылыгына, коопсуздугуна толук жооп берсе, эки жылда дүйнөлүк стандартка ылайык курулушту бүтүрүп, эки аэропортту тең ишке киргизе турган кайсыл гана инвестор болбосун кызматташууга даярбыз. Же болбосо, бул долбоорду өзүбүз ишке ашырабыз, бирок бул көбүрөөк убакытты талап кылат”, — деди төрага.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде «Манас» менен «Ош» аэропорту тышкы башкарууга өтүп жатканын тастыктаган.