Акылбек Жапаров мандатын тапшырды. Анын ордун Арысланбек Акбаров ээледи

Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун депутаттык мандаты «Бир бол» партиясындагы Арысланбек Акбаровго берилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«БШК «Бир Бол» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесиндеги Акбаров Арысланбек Акбаровичти Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө чечим кабыл алды. Ал Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди», — деп жазылат маалыматта.