Акылбек Жапаров экономика жана финансы министри болуп дайындалды

Жапаров Акылбек Үсөнбекович Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Жапаров «Кумтөр» боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы.