Министрлик жана ведомстволордун статс-катчыларын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечимге кол коюлду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлик жана ведомстволордун статс-катчыларын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечимге кол койду. Аталган чечим «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы күчүнө киргендигине байланыштуу кабыл алынган.

Буга байланыштуу төмөндөгүлөр ээлеген кызматынан бошотулду:

Акмолдоев Айбек Кудайбергенович — Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы;

Алишеров Нурдин Куванычбекович — Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы;

Бардинова Нуржан Арзыкуловна — Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;

Бопушева Жылдыз Жоробековна — Инвестициялар министрлигинин статс-катчысы;

Борубаев Самат Нарматович — Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;

Кененбаев Чынгыз Токтобекович — Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы;

Мамбетов Азамат Муратович — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы;

Мамыров Кутман Омурзакович — Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;

Мойдинов Исламбек Жанышович — Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын статс-катчысы;

Сагымбаев Абдисамат Акимович — Санариптик өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы;

Секимов Бактыбек Шайыкбекович — Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин статс-катчысы;

Шадыханов Калысбек Токтосунович — Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы;

Шамшиев Абдухалык Абдулхаевич — Юстиция министрлигинин статс-катчысы.