Акылбек Жапаров: «Мугалимдердин айлыгын окуучулардын санына жараша төлөйлү деп жатабыз»

«Мугалимдердин айлыгын окуучулардын санына жараша төлөйлү деп жатабыз». Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кечээ, 18-февралда Сокулук районунун Орок айылындагы орто мектептин салтанаттуу ачылышына катышып жатып билдирди.

Ал мектептин мугалимдер жамааты менен жолугушуп, 1-апрелден тарта мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданият кызматкерлеринин айлыктары жогорулатыла тургандыгын билдирди.

«Билим берүү мекемелериндеги мугалимдеринин эмгек акысын төлөө системасы толугу менен кайра каралат. Мугалимдердин айлык акысы окуучулардын санына жараша төлөнүүчү ваучердик системаны да киргизели деп жатабыз. Учурда так эсептөөлөр жүрүп жатат. Көптөгөн мугалимдер убактысынын көбүн окутууга эмес, отчет жазууга жумшаганына нааразы болуп келген. Мындайга жол берилбеши тийиш», — деди Акылбек Жапаров.

Орок айылындагы мектепте 1000ден ашуун бала билим алгандыктан, окуу беш сменада жүргүзүлүп келген. Мектептин жаңы имараты эки кабаттан туруп, 500 окуучуга ылайыкталган, мындан ары балдар эки сменде окутулат.