Акылбек Жапаров: «Нефтетрейдерлер үчүн акцизди жана салыкты алып салуудан бюджетке 3 миллиард сом чыгым болушу мүмкүн»

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил  Токтошев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, «жакынкы арада күйүүчү майдын баасы 10 сомго чейин чыгабы?» деген суроо узатты.

Ал өкмөт тарабынан кандай чаралар көрүлүп жатканын жана Орусия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатабы деп сурады. Буга министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров учурда Орусия менен сүйлөшүүлөр аяктап, Кыргызстан үчүн күйүүчү-майлоочу майга квота 220 миң тоннага көбөйтүлгөнүн айтты. Ал нефтетрейдерлердин айтымында, азыр өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын 2 айга запасы бар экенин билдирди. 

Ал бааны кармап туруу үчүн нефтетрейдерлер акцизден жана кошумча нарк салыгынан бошотууну суранып жатканын, бирок бюджетке 3 миллиард сомго жакын чыгым болорун билдирди. «Бул чоң акча, анткени бул каражаттар жөлөкпулдарды төлөө үчүн керек жана буга байланыштуу биз азыр бардык мүмкүн болгон варианттарды карап жатабыз», — деди ал.