Акылбек Жапаров олигархпы? Өзүнүн жообу

Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагалыгына сунушталган Акылбек Жапаровго депутат Акыл Кемелов «сиз олигархтарга киресизби же жокпу?» деген суроо узатты.

«Мен олигарх эмесмин. Жеке ишкерлик менен алектенбейм. Келинчегим жеке ишкер. Бир да тендерге катышкан эмес. Конфет алып келип, сатчу. Аткезчилик көбөйгөн соң, ал ишин да токтотту. Азыр алма өстүрөт. 10 жылдын ичинде мамлекетке 1 миллиард 200 миллион сомдон ашык салык төлөдү», — деди ал.