Акылбек Жапаров: «Өлкөдө электр мобилдерди көбөйтүү үчүн шарттар түзүлүүдө»

Министрлер кабинети өлкөдө электр мобилдердин үлүшүн кескин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө умтулууда. Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров электр мобилдерди ташуучу компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда билдирди. Ал транспорттун туруктуу түрүнө өтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз электр бустарды борборго кое берели деп пландап жатабыз. Биз үчүн өлкөдө электр транспортун көбөйтүү жана тийиштүү инфраструктураны түзүү артыкчылыктуу саналат. Салык кодексинин долбоорунда жакынкы 3-5 жылга электр мобилдерди ташып кирүүдө КНС төлөөдөн бошотуу каралышы керек. Биз жашыл экономикага багыт алуудабыз», — деди ал жана мамлекет башчысы Глазго шаарындагы эл аралык климаттык форумда жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилегендигин кошумчалады.

Акылбек Жапаров электр мобилдердин ар кыл моделдерин көрүп чыгып, анын бирин сынап көрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө, лизингге электромобилдерди берүү механизмдери, ошондой эле президенттин иш башкармалыгынын автопаркын транспорттун экологиялык түрү менен кайра жабдуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.