Акылбек Жапаров Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы, Өзбекстандын премьер-министри менен сүйлөштү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Телефондук сүйлөшүүдө Акылбек Жапаров Михаил Мишустинди келе жаткан Жаңы жылы жана Рождество майрамы менен куттуктады.

Акылбек Жапаров белгилегендей, өтүп бара жаткан жыл кыргыз-орус мамилелери үчүн жемиштүү жана эки өлкө үчүн маанилүү окуяларга жана саясий байланыштарга бай жылдардан болду. Пикир алышуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Ал ошондой эле Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү.  Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.