Акылбек Жапаров Ош-Баткен-Исфана жолун реабилитациялоо иши менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Ош-Баткен-Исфана жолундагы Ош-Ноокат-Баткен тилкесин реабилитациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Таабалды Тиллаев белгилегендей, Ош-Ноокат-Баткен унаа жолу эл аралык маанидеги жол гана эмес, Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү орунда турган транспорттук артерия болуп саналат. Аталган объектинин курулушунун донору Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) болуп саналат. Жолду реабилитациялоо долбоорунун наркы 133,58 миллион долларды түзөт, анын 50 миллион доллары 28-75-чакырым жолду курууга жумшалат.

Акылбек Жапаров белгилегендей, тендерди жакын арада жарыялоо зарыл, ал эми долбоорду ишке ашырууга ата мекендик компаниялар да тартылышы керек. «Келечекте жергиликтүү компаниялар чет элдик компаниялар менен атаандашуу үчүн тажрыйба топтоп, заманбап технологияларды жана аларды пайдаланууну үйрөнүшү керек», — деди ал.