Акылбек Жапаров: «Өткөн жылда өлкө үчүн эң маанилүү “Кумтөр”, Кемпир-Абад жана Баткен окуясы болду»

«Өткөн жылда өлкө үчүн эң маанилүү “Кумтөр”, Кемпир-Абад жана Баткен окуясы болду». Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кабар» сайтына берген маегинде билдирди.

— Сиздин оюңузча, өткөн жылда өлкө үчүн эң маанилүү нерсе эмне болду?

— Кыскача айтсам – “Кумтөр”, Кемпир-Абад жана өксүгү айыга элек Баткен окуясы.

— Ооба, “Кумтөр”, Кемпир-Абад жана Баткен жаңжалына байланыштуу маселелер эң талаштуу, эң резонанстуу жана актуалдуу болду. Аларга байланышкан коомдогу талаш-тартыштын аягы да басаңдабай келет.

— Демек, алардын өлкөбүздүн келечегине тийгизген таасирин бир түрдүү баалоого болбойт, ошол үчүн басаңдабай жатат. “Кумтөрдү” элге кайтарып берүү экономикалык эмес, руханий иш экенин айтуудан тажабайм. Бул Кыргызстандын жаңы тарыхын эки башка этапка бөлгөн сызык. Кумтөрдүн кайтарылышы – бул өтө символикалык акт. Бул элдин мүлкүн басып алган тышкы душманды гана эмес, ички душманды да – өз коркуубузду, өз күчүбүзгө ишенбөөчүлүктү жеңүү. Анткени, көбү мындай татаал, жогорку технологиялуу өндүрүштү башкара албайсыңар деп, түз мааниде бизге өзүн кем сезүү комплексин таңуулашты. Эң негизгиси — коррупцияга катуу сокку болду. Анткени балык башынан сасыйт. Себеби Кумтөрдөн ижара акысын алган өлкө жетекчилиги коррупция менен күрөшө алмак эмес.