Акылбек Жапаров: «Президент жол кырсыктарын 50 пайызга кыскартуу милдетин койгон. Биз аны аткаруубуз керек»

«Президент жол кырсыктарын 50 пайызга кыскартуу милдетин койгон. Биз аны аткаруубуз керек». Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кечээ, 18-февралда Ички иштер министрлигинин 2021-жыл жыйынтыгы жана 2022-жылга пландары боюнча коллегиялык жыйынында айтты.

Ал ведомствонун негизги иш багыты саналган жол коопсуздугун камсыздоо темасына токтолду. Президенттин жарлыгы менен Ички иштер министрлиги жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү жооптуу мамлекеттик орган болуп дайындалган.

«Президент тарабынан жол кырсыктарынын санын 50 пайызга кыскартуу милдети коюлган. Биз аны аткаруубуз керек. Буга чейин автомектептерге лицензия берүү милдети Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлүп, ал эми Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемеси тарабынан айдоочулук күбөлүгү берилсе, эми бул функциялардын баары Ички иштер министрлигине өткөрүп берилди. Бул реформалардын жыйынтыгы көп күттүрбөшү керек. Жакынкы мезгилде жол кырсыктардын санын кыскартуу боюнча реалдуу натыйжалар күтүлөт деп ишенем», — деди Министрлер кабинетинин башчысы.