Акылбек Жапаров президент менен күнүнө 10 жолу жолугаарын айтты

«Мурда президент премьер-министр менен жолукканда жаңылык болчу. Ал эми Садыр Жапаров экөөбүз күнүнө 5-8-10 жолу жолугуп турабыз», — деди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге.

Анын айтымында, азыр чечим кабыл алуу оңой болуп калды. Мамлекет башчы өзү суроолорду создуктуруп жибербеш керектигин айтып жатат. Министрлер кабинети бул темпке ыңгайлашууда. Анткени президент бүгүн жана азыр чечим кабыл алгысы келерин айтат.