Акылбек Жапаров: «Президент соцтармакты биринчи карайт экен да. Кээде түнкү саат 2:30да жазат»

«Азыр менин караганым эле соцтармак. Соцтармакты Садыр Жапаров биринчи карайт экен да». Бул тууралуу Акылбек Жапаров маалымат жыйында билдирди.

«Түн ичинде уктап жатсаң эле жазат, карасаң саат 2:30. Ошондуктан соцтармакка кошсоңор эле мага жетти деп ойлой бергиле. Вице-премьерлер жана администрациянын 305 кызматкери менен бирдикте WhatsApp топ түзүп алганбыз. Суроо-талаптар болсо, мага жеткирип турушат», — деди  ал.