Акылбек Жапаров: «Президенттин саясатын колдоо деңгээли 82 пайызды түздү»

2023-жылы экономикалык өсүш экономиканын бардык тармактары тарабынан камсыздалды. Бул тууралуу өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча президенттин администрациясынын коллегиясынын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Минкаб башчысы эл аралык изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстандын президентинин саясатын колдоо деңгээли 82 пайызды түзсө, бир жыл мурун бул көрсөткүч 86 пайызды түзгөнүн, бул мындан ары кайраттуу реформаларды жүргүзүү үчүн бийликке чыныгы күчтүү мандат.

«Менин түшүнгөнүм боюнча, бул биздин өлкөнүн тарыхында гана эмес, азыркы дүйнөдө да чыныгы рекорддук деңгээл. Биз, президенттин командасы, социалдык-экономикалык өнүгүү жаатында жетишилген олуттуу ийгиликтерге сыймыктанабыз. Биз өлкөнүн ИДПсын эки эсеге көбөйттүк. Экономикалык өсүү темптери акыркы үч жылда орточо 7 пайыздан ашык (2021-5,5%; 2022-9%; 2023-6,2%), бул экономиканын учурдагы пост-ковид жана геосаясий кырдаалга акырындык менен ыңгайлашып, туруктуу өнүгүүгө карай жылып баратканынан кабар берет. 2023-жылы экономикалык өсүш экономиканын бардык тармактары менен камсыз болду: өндүрүштүн көлөмү курулушта 10,3%, тейлөө чөйрөсүндө 6,2%, өнөр жайда 2,7%, айыл чарбасында өсүш 0,6% түздү. ИДП жан башына дээрлик 2 миң долларды түздү», — деди ал.