Акылбек Жапаров: «Садыр Жапаров биз Орусия менен 200 жыл чогуу болгонбуз, дагы 300 жыл бирге болууга даярбыз деди»

Өткөн жылдын аягында Орусия бюджетти колдоо үчүн Кыргызстанга 10 миллион доллар бөлгөн. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен болгон эки тараптуу жолугушууда айтты.

Министрлер кабинетинин башчысы мындай жардам үчүн Орусияга ыраазычылык билдирди. Ал Нур-Султанга иш сапарынын алдында Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусу тууралуу да айтты. «Сапарымдын алдында президент Садыр Жапаров Орусия менен 200 жылдан бери биргебиз, дагы 300 жыл бирге болууга даярбыз деп айтты. Биз бирге болгонбуз, бирге болобуз», — деди ал. 

«Ошондой эле биз жакында дипломатиялык мамилелердин орношунун 30 жылдыгын белгилей турганыбызды айткым келет. Кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнү максат кылабыз. Биз ЕАЭБ алкагында интеграциянын өсүшүнө да чоң көңүл бурабыз. Бул биздин тышкы саясатыбыздын приоритеттүү багыттарынын бири», — деди Акылбек Жапаров.