Акылбек Жапаров: «Садыр Жапаровдун кыргыздар түрмөдө отурбай, жакшы үйдө жашасын деген тилеги бар»

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште мамлекеттик ипотека тууралуу кеп кылып, аны айылдарга чейин жеткирүү пландалып жатканын билдирди. Ал ошондой эле түрмөлөр шаардын четине көчүрүлүп жатканын белгиледи.

«Өзүңөр билгендей, 47-түзөтүү мекемеси көчүрүлдү. Анын ордуна шаарча салынганы жатат. Жалал-Абадда да түрмө көчүрүлдү. Ал жерге да үй курулат. Негизи эле президенттин тилеги кыргыздар кыргыз жеринде кор болбой, түрмөдө отурбай, жакшынакай үйдө жашап, иштесин деген тилегин аткарып жатабыз», — деди төрага.