Акылбек Жапаров саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыялады

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыяланды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Министрлер кабинетинен тастыкташты. Тиешелүү чечимге Акылбек Жапаров кол койгон.

Буга чейин Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевдин «Көз микрохирургиясы» клиникасын жетектеген Алмазбек Исманкуловго айтканы боюнча сунуштама берген. Бейшеналиев буга чейин да таластыктар тууралуу айткан сөзү үчүн эскертүү алган.