Акылбек Жапаров: «Саясатчы келип кетет, чиновник калат»

«Саясатчы келип кетет, чиновник калат». Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бардык президенттердин тушунда жетекчилик кызматтарга келип калышынын сыры боюнча «Кабар» сайтына берген маегинде билдирди.

— Акылбек Үсөнбекович, сиз бардык президенттердин тушунда, ал тургай башка социалдык-экономикалык системада жетекчилик кызматтарда иштедиңиз.

— Мен сиздин сөзүңүздү бөлөйүн, анткени алдын ала эмне дээриңизди билип турам. Ооба, мен мурда иштегем жана көптөр муну менен мени күнөөлөөгөнгө чейин барышат, аны да билем.

Мен муну биздин саясий системада пайда болуп жаткан оң тенденция катары баалайм. Бир кезде жоголгон мамлекеттүүлүгүбүздүн салттарын эстей беребиз. Кадимки мамлекеттин же цивилизациянын ажырагыс атрибуттары болгон каада-салттар, улантуучулук жана институционалдуулук сыяктуу нерселер жөнүндө айтып жатам. Жөнөкөй мамлекеттик кызматкерди да окутуу үчүн жылдар керек экенин билесиңер. Демек, көп жылдар бою мамлекеттик кызматта иштеген кадрларды жоготуу өлкөгө чоң зыян алып келүүдө.

Көп кылымдык мамлекеттүүлүк тарыхы бар өнүккөн өлкөлөрдө бул көйгөй жаратпайт. Жетекчиликтин алмашышы менен тиешелүү квалификацияга жана тажрыйбага жараша чиновниктердин аппараты өзгөрүүсүз калат. Бул жагынан алганда мамлекеттик кызматкер менен саясатчынын айырмасын так ажыратыш керек. Саясатчы келип кетет, чиновник калат.

— Ошондо сиз саясатчысызбы же чиновниксизби?

— Чыныгы саясатчы жана чиновниктин сапаттарын айкалыштырган адамдар бар. Мен ошол категориянын бири болсом керек. Турмуштук кырдаалга жараша мен же саясатчымын, же чиновникмин.