Акылбек Жапаров Тажикстандын премьер-министринин орун басары менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тажикстан Республикасынын премьер-министринин орун басары Усмонали  Усмонзода менен «Европа биримдиги – Борбордук Азия» биринчи экономикалык форумунун алкагында жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик өз ара аракеттешүүсүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу жүргөн. Эки республиканын гидроэнергетикалык потенциалын өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө басым жасалган. Тараптар эки эл ортосундагы ишенимди чыңдоо жана жергиликтүү тургундар арасында чыңалууну алып келүүгө багытталган ар кандай аракеттерге тыюу салуунун маанилүүлүгүн белгиледи.