Акылбек Жапаров Таласта жумушчу сапары менен жүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусунда жумушчу сапары менен жүрөт.

Анда ал аймактын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары каралуучу Талас облусунун коллегиясына катышат, «Манас-Ордо» комплексине барат, ошондой эле кант заводунун жана сүттү кайра иштетүүчү ишкананын иши менен таанышат. Министрлер кабинетинин башчысы мындан тышкары Киров суу сактагычына барып, «Бала-Саруу» ГЭСинин курулуш долбоору менен таанышат.

Сапардын соңунда Акылбек Жапаров магистралдык каналды реконструкциялоо иштери менен таанышмакчы.