Акылбек Жапаров: «Тариф саясатында боло турган өзгөртүүлөр негиздемелер менен тастыкталган»

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин кеңешмесин өткөрдү. Жыйынга Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышты.

Акылбек Жапаров президенттин алдыдагы электр энергиясына болгон тарифтердин көтөрүлүшүнө байланыштуу элге кайрылуусуна да кеңири токтолду.

«Тариф саясатында боло турган өзгөртүүлөр толугу менен экономикалык эсептөөлөр жана илимий негиздемелер менен тастыкталган. Бул Советтер Союзунан бери өзгөрбөгөн энергетикалык жабдууларды жана коммуникацияларды жаңылоого мүмкүндүк берүүчү зарылдык», — деди ал.