Акылбек Жапаров Ташкентке барды. Ал бүгүн инвестициялык форумга катышат

Кечээ, 26-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Ташкент шаарына барды.

Ал бүгүн, 27-апрелде Ташкент шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин катышуусунда өтүүчү жана дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүнүн 2500 өкүлдөрүн чогулткан II Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун ишине катышат.

Жумушчу сапарынын алкагында Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. «Менин жакында болгон расмий сапарымдын жыйынтыгы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы экономикалык кызматташуу жаатында абдан жемиштүү болду. Анын жыйынтыгында кол коюлган бардык документтер биринчи кезектеги мүнөзгө ээ — биздин экономикалык кызматташуубузду илгерилетүүнүн мындан аркы багытын аныктайт», — деди Акылбек Жапаров.