Акылбек Жапаров тик учакта Бишкек-Торугарт жолунун абалы менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун абалы менен таанышты. 17-февралдан тартып Нарын облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Учурда трассада кар көчкүлөрүн жасалма жол менен түшүрүү иштери жүрүп, атайын техникалар иштеп жаткандыгына байланыштуу, унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов кар көчкүлөрүн жасалма жол менен түшүрүү жана жолду тазалоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди. Министрлер кабинетинин Төрагасы тиешелүү кызматтар тарабынан зарыл чараларды өз убагында жана ыкчам көрүшкөнүн белгиледи.  Анын айтымында, өлкө президентинин тапшырмасы менен быйыл атайын техникаларды алууга 2,5 миллиард сом бөлүнгөн жана ал Нарын облусуна дагы берилет.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Нарын шаарындагы саатына 100 жүргүнчүнү кабыл ала турган аэровокзал комплексинин курулушу менен таанышты. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 2023-жылдын II кварталы. Ошондой эле ушул жылы “Нарын” аэропортунун аэродромунун элементтерин жаңылоо иштери пландалууда.  Андан ары Министрлер кабинетинин төрагасы Кара-Кече кенине барып, анын иши менен таанышты.