Акылбек Жапаров Ысык-Көлдө IT айылын ачууну сунуштады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Заманбап санариптик банк жана экосистема» форумунда сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө маалыматтык технологиялардын өнүгүшү банк бизнесине таптакыр жаңы мамилени алып келгендигин белгиледи.

«Финансы продуктуларын заманбап IT тармагынын  мүмкүнчүлүктөрү менен айкалыштыруу бүтүндөй экономиканын өндүрүмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун олуттуу түрдө жогорулата алат жана Кыргыз Республикасы бул дүйнөлүк тенденциялардан четте калган жок. Биздин өлкөдө финансылык технологияларды өнүктүрүүнүн негизги багыттары болуп электрондук коммерция, финансылык жана банктык кызмат көрсөтүүдө аралыктан тейлөөнү активдүү өнүктүрүү саналат. Биз муну менен эле токтоп калбастан, өлкөнүн каржылык-экономикалык процесстерине накталай эмес инновациялык продукцияны киргизүүнү тездетип жатабыз», — деди Акылбек Жапаров.

Ал Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасы мындай чечимдерди мүмкүн болушунча тез арада кабыл алууга мүмкүндүк берерин айтты. Өз кезегинде, «Сколково» Фондунун компетенттүүлүк борборунун директору Павел Новиков санариптик индустрияны өнүктүрүүдө мамлекеттик колдоону көрө турганын белгилеп, каржы-экономикалык чөйрөдө, ошондой эле жергиликтүү стартаптарды жана санариптик инновацияларды киргизүүдө, мындан ары илгерилетүүдө кызматташууга даяр экенин билдирди. Форумга Орусиянын 8 ири IT компаниясы катышты.