Максат Мамыткановдун ордуна ЕЭКтин жаңы министри дайындалды

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 20-февралдагы чечими менен Элдар Алишеров Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөсү (министри) болуп дайындалды. Анын компетенциясына Евразия экономикалык бирлигиндеги бажы кызматташтыгы маселелери кирмекчи. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти.

Буга чейин Алишеров 2022-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлеген.

Өмүр баяны

1985-жылы — Бишкек шаарында төрөлгөн.
2007-жылы — Санкт-Петербург мамлекеттик университетин «Дүйнөлүк экономика» адистиги боюнча, ал эми 2017-жылы Мамлекеттик башкаруу академиясынын магистратурасын «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча аяктаган.

Мамлекеттик кызматта эмгек жолун Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинде баштап, 2008-жылдан 2010-жылга чейин бөлүм башчысы кызматынан баштап, министрдин жардамчысына чейинки жолду басып өткөн.
2011-2014-жылдары бизнес-сектордо иштеген.
2014-жылдан 2017-жылга чейин өкмɵттүн аппаратында иштеген.
2018-2022-жылдары экономика министринин орун басарынын кызматын ээлеген.
2022-жылы президенттин администрациясынын Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.
2023-жылдын 1-мартынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын бажы кызматташтыгы боюнча мүчөсү (министр) болуп дайындалды.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.