Акылбек Түмөнбаев Акылбек Жапаровду сындады

«Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана төрага Акылбек Жапаров Баткен боюнча слайд-шоу көрсөтүштү» деп билдирди депутат Акылбек Түмөнбаев Жогорку Кеңештин жыйынында.

Депутат Түмөнбаев Жапаров ал жерде 1 жума болгонун белгиледи. «Бүгүнкү күндө канча мектеп, канча үй талкаланды, канча акча коротулду, силер билбейсиңер. Бул жакка чакырылган соң, ар бир депутатка так маалымат айтылышы керек болчу. Министр да, министрлер кабинетинин башчысы да билбейт, жооп бере алышпайт. Урматтуу төрага, сиз ар бир депутатты колдошуңуз керек. Чыңгыз Ажыбаев мектеп тууралуу сурады. Ал жакка өзү барышы керек деп жатасың. Депутат курулушта да, жолдо да болбошу керек. Ал сизге элдин көйгөйүн жеткириши керек. Сиз дагы 5 жолу депутат болгонсуз. Айткыла, канча үй курулуп жатат, канча каражат сарпталат, канчасы жетишпей жатат, так айткыла», — деди Түмөнбаев.