Акылбек Түмөнбаев: «Садыр Жапаров менен кудабыз. Биз ага күнөөлүү эмеспиз»

Садыр Жапаровдун мамлекетти оңдосом деген ою бар. Ар бирибиз жардамыбызды беришибиз керек. Бул тууралуу депутат Акылбек Түмөнбаев маек учурунда билдирди.

«Азыр эле «кудасы экенсиз» деп суроо бересиз. Аны билем. Кудамын. 9 жашымда агам менен жеңем үйлөнүшкөн. Биз ага күнөөлүү эмеспиз. «Кудай кошкон куда болот» дейт. Мен сыймыктанам. Куда, айдоочу дегенди ким чыгарган? Мамлекетти талап-тонов, өз билемдик кылган адамдар чыгарган. Мен бир нерсе суранбасам, акча жеп жатпасам, тескерисинче жардамымды тийгизип жатсам… Мен деле Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошоюн деп жүрөм», — деди ал.