Акылбек Түмөнбаев: «Сүрөттөгү Азим Рой Кыргызстанга инвестиция салам деп жатат»

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун бизнесмен Азим Рой менен түшкөн сүрөтү жарыяланып, талкуу жараткан. Сүрөттөн депутат Акылбек Түмөнбаевди да көрүүгө болот. Депутат маекте сүрөттөгү адам тууралуу айтып берди.

«Азим Рой боюнча айтып өтөйүн. Бул сүрөт журналисттердин арасында катуу талкуу жаратып жатат. Журналисттер «соттолгон экен, крим чөйрөсүндө жүргөн адам экен» дешүүдө. Андай так маалымат жок. Мен ал киши тууралуу ийне-жибине чейин билбесем да, билгенимди айтайын. Ал киши менен Москвада таанышкам, анын Москвада курулуш компаниялары бар. «Москва ситинин» ээсинин бири ошол адам. Америкага барганда Азим Рой деп атын өзгөртүптүр. Союз убагында камалган экен. Соттуулугу барбы же жокпу, маалыматым жок. Ал Кыргызстанда туулуп-өсүптүр. Кыргызстанда кайрымдуулук иштерин кылат экен. Ал киши эми Кыргызстандагы ГЭСтерди курганга жардам берем деп жатат да. Инвестиция салам деп жатат», — деди ал.