«Акылсыз саясатчылардын эркине баш ийүүнү токтоткула!». Исхак Масалиев Курсан Асановдун камалышы боюнча үн катты

«Курсан Асанов өзү Ички иштер министрлигине барып, ал жерде бир-эки күн өздүк курамдын ишин уюштуруп, премьер-министрдин макулдугун алгандан кийин кетип калган. Бул үчүн ага ыраазычылык билдиришибиз керек». Бул тууралуу кечээ, 26-январда экс-депутат Исхак Масалиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго имаратты басып алуу боюнча айып таккандын ордуна, ыраазычылык билдириш керек болчу.

Көптөгөн жигиттер анын буйругу менен мародёрлордон шаарды коргоп жатышты”, — деди Масалиев.

Андан тышкары, саясатчы милиция кызматкерлерине кайрылды.

“Акылсыз саясатчылардын эркине баш ийүүнү токтоткула! Ошол түнү Шыкмаматов Башкы прокуратуранын, Суваналиев УКМКнын төрагасынын кабинетинде, ал эми башкалар мындан да жогору кызматта отурган. Бул президенттин инаугурациясына эң акылсыз белек болду. Курманкул Зулушев, бул башаламандыкты токтонуңуз, суранам”, — деп жазды ал.