«Акыркысы деп үмүт кылам». Боронов Финполдо беш сааттай сурак берип чыкты

Мурдагы өкмөт башчы Кубатбек Боронов Финполго беш саатка жакын сурак берип чыкты. Ал журналисттерге тергөөчү менен сүйлөшүү пандемия учурундагы гуманитардык жардамга жана аны бөлүштүрүүгө байланыштуу болгонун билдирди. “Такташ керек болгон маселелер болду, аны такташтык. Иштин башка чоо-жайын кенен айтып бере албайм, себеби ачыкка чыгарбоо тууралуу тил катка кол койдум. Мени күбө катары чакырышыптыр. Мындан ары бул жакка чакырышпайт деп үмүт кылам”, — деди экс-премьер.

Кубатбек Боронов парламенттик шайлоо өткөндөн кийин башталган митингдерден улам биринчилерден болуп отставкага кеткен.