«Ал аял биринчи мени бетке чапкан»: Мэрдин милдетин аткаруучу Нургазиев интернетке тараган видео тууралуу түшүндүрмө берди

Ал аял мени  биринчи бетке чаап жиберген. Менде да реакция болуп кетти. Бул тууралуу бүгун, 9-февралда мэрдин милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиев маалымат жыйында билдирди.

“Бул чоң маселе болуп кеткен. Бул иш 3-4 жылдан бери созулуп келе жатат. Башынан айтсак, “Боз Улан” деген казинону кармаган кишилер бар. Ошолор мэриядан ижарага жер алышыптыр. “Альянс Курулуш” деген компанияга курулушка беришиптир. Буга чейин, 10 жыл мурун кредит бергендер чыккан. Алар жарандар акчасын төлөй албай калганда, сотко берип кичинекей акчага үйлөрүн тартып алышчу.  Муну чоң бизнеске айлантып алышкан. Анан аталган компанияга кредит беришет. Ушул эле схема менен буларды банкрот кылып, азыр түрмөдө отурат. Ал аял ошол фирманын юристи. Менин да бир обьектим бар эле. Биздин жыйын болуп жаткан жерге ошол аял келип, телефондун камерасын даярдап, сүйлөшүп аткан жерден бетиме чаап ийген. Менде да реакция болуп кетти анан чаап ийгем. Анысы чын. Ал видео интернетте жүрөт. Ошол эле күнү арыз жазган”,- деди ал.

Эске салсак, мындан 1,5 жылдай мурун Нургазиевдин аялды чаап жиберген видеосу интернетке тарап, элдин катуу сынына кабылган болчу.