«Ал да, күч да бар. Сизди сактап калдык го». Шакиев Мадумаровго жооп кайтарды

«Ал да, күч да бар. Сизди алып калдык го». Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурлан Шакиев Адахан Мадумаровго жооп кайтарды.

«Парламенттин Баш мыйзамда көрсөтүлгөн орду жетиштүү. Буга чейин Жогорку Кеңеште эрксиздер отурат деген сөз болду. Мен каалаганымды сүйлөйм, оюмдун баарын айтам. Адахан Кимсанбаевич, сиздин жоопкерчилигиңизди ушул жерде караганда сизди парламент сактап калды го. Эмнеге ушуну көрбөйсүз? Парламентти алсыз дей бербейли. Бизде ал да, күч да бар», — деди депутат.

Буга чейин депутат Адахан Мадумаров «биз алсыз, эрксиз, көз карандыбыз» деген.