«Ал эч кандай мыйзамсыз аракеттерди кылган эмес». Бабановдун кармалышы боюнча адвокаты үн катты

Өмүрбек Бабановдон «Кумтөр» боюнча шек саноого болбойт, анткени ал эч кандай мыйзамсыз аракеттерди жасаган эмес. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бабановдун адвокаты Амантур Абдырахманов билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн УКМК Бабановду премьер-министр болуп турган кезиндеги «Кумтөр» маселеси боюнча ишмердүүлүгүнө байланыштуу кыскача суракка алган. Ага эмнеге шектелип жатканы жакшы түшүндүрүлгөн эмес. Шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү да берилген эмес.

«Ошондуктан, Өмүрбек Бабанов дагы, мен дагы эмнеге шектелип жаткандыгын, эмне үчүн кармалганын түшүнгөн жокпуз. Ал 2011-жылдын декабрынан 2012-жылдын августуна чейин премьер-министр болгон. Бул убакыт аралыгында ал «Кумтөргө» байланыштуу эки гана аракет жасаган. Алгач, ал «Кумтөр компаниясы» боюнча жаратылышты коргоо боюнча комиссия түздү. Экинчиден, Бабанов буга чейин премьер-министр Данияр Үсөнов тарабынан кабыл алынган 16330 гектар жерди Кумтөргө өткөрүп берүү жөнүндө жарлыкты жокко чыгарган. Ушундай жол менен ал жерди мамлекетке өткөрүп берген. Бабанов тарабынан эч кандай мыйзам бузуу болушу мүмкүн эмес. Ал эмнеге кармалды түшүнбөй жатабыз. Өзү да кылмыш иштин маңызын түшүнгөн жокмун деп жазып берди», — дейт жактоочу.