«Ал кайдан түшкөн хан?». Атазов Байсаловду кызматтан алууну талап кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов комитет жыйынында кызматтан кеткен министрлерди санап, алардын башында Эдил Байсалов турарын айтып, аны кызматтан алуу маселесин көтөрдү.

«Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү министри алмаштырылды. Азыр Юпитерден инопланетянин алып келип койсоңор да, Билим берүү министрлигин оңдой албайт. Себеби бул министрликтин үстүндө Байсалов кураторлук кылат. Ушул комитетке келип, парламентти мазактаган. Июнь-июль күттүк, сентябрдын биринде алмаштырат деген, бүгүн 10-сентябрь болду… Ал кайдан түшкөн хан? Асанды, Үсөндү тоготпойм десин, бирок парламентти тоготпойм дегени чыккынчылык», — деди ал.