«Ал коррупционер». Камчыбек Ташиев Кубанычбек Жумалиевдин адвокатына жооп узатты

УКМКнын төргасы Камчыбек Ташиев депутат Кубанычбек Жумалиевдин адвокатынын билдирүүсүнө жооп узатты.

Ташиевдин айтымында, Жумалиев бир тилкени 17 миң сомго алып, аны учурдагы баа менен 185 миллион сомго саткан.

“Мен чындыкты айтып жаткам жана дагы бир нерсени айтайын. Жумалиев бир участокту 17,0 миң сомго сатып алып, аны учурдагы курс боюнча 185,0 миллион сомго саткан жана эч кандай салык төлөгөн эмес. Сиз буга эмне дейсиз?  Мына ушундай, адвокат мырза, ал коррупционер, эми уурдалган нерсенин баарын мамлекетке кайтарып берет. Биз аны мыйзам менен мажбурлайбыз!”,— деп жазды ал.

Кечээ, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин адвокаты Бактыбек Жумашев социалдык тармактарда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып, ал жөнүндө негизсиз маалыматтарды таратпоону өтүнгөн эле.