Abank_nov
SerepTV Logo

Алагозов Суваналиевдин соңку маеги боюнча билдирүү таратты

Алагозов Суваналиевдин соңку маеги боюнча билдирүү таратты
 
"Ооба, президент Садыр Жапаров ар кандай саясий күчтөрдүн өкүлдөрү, анын ичинде президенттикке талапкерлигин коюуну көздөгөн жарандар менен да жолугушууларды өткөрүп келет. Мындай жолугушуулардын биринде "Кыргызтесттен" өтпөй калган талапкерлердин маселеси көтөрүлүп, мамлекет башчысы тестти кайра тапшырууга, керек болсо он жолу аракет кылууга мыйзам жол берерин айткан. Бирок кимдир бирөөнү тесттен өткөрүү боюнча эч кандай тапшырма берилген эмес". Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов соцтармактагы баракчасына жазды.

"Суваналиевдин билдирүүсү өз билими жана аракети менен тесттен өткөн башка талапкерлердин эмгегине шек келтирбеши керек. Алардын жетишкендигин кимдир бирөөнүн көрсөтмөсүнө байланыштырып, билимин жана аракетин жокко чыгаруу туура эмес. Мисалы, президенттикке талапкерлигин коюуну көздөгөн Дастан Кадыров аттуу жараныбыз алгач тесттен өтпөй, кийин кайра тапшырганын социалдык тармактар аркылуу айтып чыкканын көрдүк. Бирок сертификатын белгиленген мөөнөткө чейин алууга жетишпей, документтерин тапшыра алган эмес. Эгер кимдир бирөөнү өткөрүү боюнча тапшырма берилген болсо, анда бул жагдайды кантип түшүндүрүүгө болот?

Президент бардык талапкерлер үчүн мыйзам чегинде бирдей шарттардын болушун, шайлоонун ачык-айкын жана атаандаштык негизде өтүшүн колдойт. Мурда да баса белгилегенибиздей, шайлоо өнөктүгү башталды. Алдыда ар кандай саясий билдирүүлөр, бири-бирине карама-каршы пикирлер, ушак-айыңдар дагы көп болот. Бул саясий атаандаштыктын ажырагыс бөлүгү. Андыктан шайлоо мезгилиндеги ар бир билдирүүнүн артында белгилүү бир саясий кызыкчылыктар да турушу мүмкүн экенин эстен чыгарбайлы", - деп жазылат билдирүүдө.
SEREP MEDIA