Алайбек Алымбаев Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын алды

Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев мандатып тапшырып, ордуна Алайбек Алымбаев келди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Чечимди бүгүн, 17-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кабыл алган. Тулендыбаев депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн арыз берген. Ал «Республика — Ата-Журт» фракциясынан депутат болчу.

Алайбек Алымбаев «Биздин Кыргызстан» партиясынын атынан Бишкек шаардык кеңешине ат салышканы маалым.