Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 14-февралда абактан чыккандан кийин Кой-Таш айылындагы үйүндө журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ага «абактан чыгуу үчүн бийлик башчылары менен сүйлөшүү болдубу?» деген суроо берилди.
“Испаниянын премьер-министри жана Социнтерндин башчысы урматтуу Педро Санчес абдан киришти. Бирок албетте, биздин президент болбогондо, Камчыбек Ташиев болбогондо… Алар жагынан да туура мамиле болду да», — деди ал.
Анын айтымында, өзүнүн абактан чыгарына ишенген эмес. «Мен ишенген эмесмин. Үйдөгүлөрдү келбегиле дегем. Анткени 2020-жылы ошондой болгон да. Чыгарбай койгон», — деди ал.











