«Алдыга ишке ашпаган милдеттерди коюунун зарылдыгы жок». «Менин үйүм 2021-2026» программасы боюнча кеңешме өттү

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов «Менин үйүм 2021-2026» жаңы турак-жай программасын талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Кеңешменин жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, ипотекалык компаниянын маанилүү милдети катары республикадагы жарандардын көпчүлүк бөлүгүн жеткиликтүү турак-жай менен камсыздоо болуп саналат.

«Сунушталган программага ылайык, пайыздык босого 4 пайызга чейин кыскартылат, алгачкы төлөм талабы алып салынган. Мунун бардыгы жакшы шарт. Бирок программаны кабыл алуу алдында бардык тобокелдиктерди карап чыгып, негизгиси – каржылоо булактарын аныктоо зарыл. Мамлекет тараптан жеңилдетилген турак-жай менен камсыздоо – социалдык жактан маанилүү программа. Бирок ипотекалык компания бул милдеттерди өзүнө алып жаткан соң, бул милдеттер качан жана кантип ишке ашырыла тургандыгын көрсөтүү керек», — деди Улукбек Марипов.

Өз кезегинде «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК башкармалыгынын жетекчиси Аида Төлөгөнова билдиргендей, турак-жайды ижарага алуу менен кийинчирээк сатып алуу механизмин өнүктүрүү боюнча иш жүрүүдө, баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу мамлекеттик ипотекалык турак-жайды насыялоо тармагына каражаттар тартылууда, ошондой эле мамлекеттик ипотекалык турак-жайды насыялоо тармагына инвестицияларды тартуу боюнча иштер аткарылууда.

«Алдыга ишке ашпаган милдеттерди коюунун зарылдыгы жок, бардык иш-аракеттер «реалдуу мүмкүнчүлүктөрдөн келип чыгышы кажет», — деп сөзүн жыйынтыктады Улукбек Марипов.