Алга Кылычов: «Орусиянын президенти Сооронбай Жээнбековго ишенбептир»

«Сооронбай Жээнбеков менен Садыр Жапаров экөөнүн айырмасы асман менен жердей». Бул туурасында КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычов «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

Анын айтымында, президент болуп 3 жыл отурган мезгилинде жарытарлык эч иш кылган жок.

«Сооронбай Жээнбеков 3 жыл отурду. Мактана тургандай эмне иш кылды? Нарындагы элди шылдыңдап, контейнерден туалет салганын мактаналыбы? Кайсы ишин айта алабыз? Ага керек болсо, биздин өнөктөш мамлекеттер ишеним көрсөткөн жок. Барып Шариман атка конуп келди.

Садыр Жапаров эгер «элди сүйрөп кетем, жакшы президент болуп калам» десе, Жер-Үйдө алтын комбинат ишин баштады, бул жакшы нерсе. Биз калыстык иретинде жакшыны жакшы, жаманды жаман дешибиз керек. Жер-Үйдүн ишке кириши биздин экономикабыз үчүн жакшы, өсүп-өнүгүшүбүзгө жакшы. Мен бир нерсени байкадым, Орусиянын президенти Сооронбай Жээнбековго ишенбептир. Ишенсе, бул долбоорду ошол кезде эле баштамак. Эмнегедир орус президенти азыр Садыр Жапаровго үмүт артып турат. Жер-Үй Жээнбековдун тушунда иштеп баштаса, ал ага-тууган, кудалары менен ал жерге колун салып жатып аларын билишкен. Анда Орусия жүзүн жоготуп алмак», — деп билдирди Алга Кылычов.