Садыр Жапаров Жээнбековдордон жардам күтүп жатат, бул чоң катачылык. Мындай оюн КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычов «Саясий коктейль» берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, учурда Садыр Жапаров Жээнбековдорго ишенбеш керек экенин түшүнүшү зарыл.
«Жапаров Жээнбековдор жардам берет деп күтүп атат. Бул — чоң катачылык. 25 жыл дос болгон адамды сатып кеткен, спикер болушуна салым кошкон адамды, элин саткан үй-бүлө эртең муну да сатып кетет. Алар бийликти басып алууга аракет кылып жатышат. Учурда Жээнбековдордун троллдору мен жөнүндө, Алмазбек Шаршенович жөнүндө ушак таратып атышат. Алмазбек Шаршенович түрмөдө жатып алып, экөөнү «заправщиктер» деп атаган имиш. Бирок факты менен сүйлөш керек. Мен 2020-жылдын 6-октябрында эртең менен Алмазбек Атамбаевдин үйүнө баргам. Ал жакта 300-400 адам отурган. Мен Атамбаев менен учураштым, ал менин абалымды билет. Ошол жерден балдар Атамбаевге «Сизди түндө Ак Үйгө алып баралы десе, болбой койдуңуз, бийликти алдырып ийдик. Сиз аянтка барганда, эл сизди ээрчип кетмек. Штандартты Садыр Жапаровго берип салышпадыбы» дешти. Ошондо Атамбаев «Мен ошол түнү аянтка барсам, бийликти талашып аткандай болуп калмакмын. Мага азыр кайсы бийликтин кереги бар эле. Садыр Жапаров президент болобу, ким болсо да, эл тандаган адам болсун. Менден кеңеш сураса берем, бербесе, аралашпайм» деген. Эми бети жоктор эки тарапты кагыштыргысы келип жатат», — деди ал.