«Алган добуштарын санаган соң, бирөөгө асылсын». Жаңы депутат Талант Мамытовго жооп берди

Өмүрбек Бакировдун ордуна келген депутат Равшан Рысбаев Жогорку Кеңештин жыйынында дарегине айтылган сөздөргө комментарий берди.

«Бул сот процесси 2 жылдан бери созулуп келе жатат. Аны Мамытов жакшы билет. Добуш сатып алуу менен кармалып, иш козголуп турганда колунан жетелеп келип, 7-кабатка отургузуп алган. Мына акыйкаттык бар экен. Депутаттыгын тапшырып отурат. Ээси келсе, бээсин бер дейт. Мени 10 миңден ашык эл шайлаган. Мамытов өзү алган добушту салыштырып, анан бирөөгө асылсын», — деди ал.

21-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Талант Мамытов Өмүрбек Бакировдун мандатынан ажыратылышы боюнча комментарий берип жатып, «Бул жердеги депутаттардын баары шайланган, бирок ал катталган. Бул жерде кантип отурат?» деп суроо салган эле.