Али Токтакунов: «Азаттыктан» кеткеним «Саймаитиден акча алды» деген жалаага байланыштуу эмес»

Бажы тармагындагы коррупциялык схемаларды иликтөө менен коомчулукка белгилүү болгон журналист Али Токтакунов «Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди. Ал «Азаттыктан» кетиши «Саймаитиден акча алды» деген жалаага эч бир байланышы жоктугун айтат.

«Журналистикада болсом, Прагада, жылуу, жайлуу офисте жүрө берчүдөймүн. Ошондуктан Бишкекке кайттым. Журналистикадан да чоң иштерди жасайын, элге керегим тийсин деп. «Азаттыкта» жүрө берсем, журналистикадан тыш иштерди жасай алмак эмесмин. Азыр даярдыктар жүрүп жатат, жакында бир ишти баштаганыбызды жарыялайбыз. Ал эми Талант Мамытовдун депутаттык комиссиясы, УКМК, Матраимовдор тарабынан жайылтылган «Айэркен Саймаитиден акча алган экен» деген имиштери курулай жалаа. Мен ошондо өзүмдүн жана келинчегимдин банктык эсептеги бир жылдык кыймылдын көчүрмөсүн кеңсебизге алып келип бердим. Ал жерде эч кандай 100 миң же 50 миң дагы акча келип түшкөн эмеси көрүнүп турат. Көчүрмөнү өзүмдүн демилгем менен көрсөттүм, редакция талап кылганынан эмес. Менин «Азаттыктан» кеткенимдин ал ишке такыр тиешеси жок»,- дейт Токтакунов.

Маек толугу менен шилтемеде.