Али Токтакунов: «Булар таң атканча ар кандай сүрөттү тартып, добуштарды ар кандай кылып өзгөртүп атат»

Добуш сатып алып, адамдардын эркин акча менен майтаргандар бул жакка (ред. Жогорку Кеңешке) өтпөш керек эле. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер Али Токтакунов БШКнын алдында сүйлөп жатып билдирди.

«Жеке өзүм жөнүндө айтып кетейин. 20 миңден кем эмес адам менен биз жеке сүйлөшкөнбүз. Вотсап номерибизди таратканда 20 миңден кем эмес адам кайрылып, алардын жарымынан көбү бизге үй-бүлөсү менен чогуу добуш берерин так айтышкан. Андан тышкары, алар добуш берип чыктык деп жазып атышты. Миңдеген бейтааныш адамдар мени эмнеге алдамак эле?! Анан жыйынтыкты карасак, ичине 2717 деген добуштун сүрөтүн тартып коюшуптур. Бул түнкү саат 12ге жакын болчу. Ал эми таңкы 4:30да карасак, 2600гө чейин азайып түшүптүр. Булар таң атканча ар кандай сүрөттү тартып, ар кандай кылып өзгөртүп атат. Менден башка дагы канчалаган адамдын добушун ушинтип ары-бери өзгөртүп жатат», — деди ал.

Анын айтымында, бул жөн гана компьютердик оюн болуп калды. «Шайлоо жокко чыксын, биз жыйынтыкты тааныбайбыз», — деди ал.