Али Токтакунов: «Матраимов 2 депутатты ортого салып, миллион доллар сунуштаган»

Коомчулукка аты коррупционер катары сиңип кеткен Райымбек Матраимов журналист Али Токтакуновго «бажы тармагындагы иликтөөлөрүн токтотуп, унчукпай калуу» акысы үчүн миллион доллар сунуш кылганын журналист өзү ачыктады. «Жогорку Кеңештеги тааныш 2 депутат аркылуу 2 ирет Матраимов мага салам айттырып, алгач 500 000, андан кийин миллион доллар сунуштаган»,- дейт ал. Мындай маалыматты  Али Токтакунов «Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде айтты.

«Болду эми, токтотпойлубу, эми жарашпайлыбы деп айттырыптыр. Жарашчудай алар менен урушпасам, аларга жеке душмандыгым болбосо, мен журналисттик жумушумду гана аткарып жатсам… Бул кишилер эмнеге мага мындай формада кайрылат деп күлдүм.  Алар мени жеке душман катары көрүп алышыптыр. Биздин партияга алдыңкы 10дукка кирсин, биз менен шайлоого барсын, депутат кылалы деп айттырышты. Керек болсо бирөө схема да түзүп алыптыр, макул, сен дагы бир-эки жолу сында, анан акырындап отуруп кошулуп кетесиң деп. Албетте, мен кескин түрдө баш тарттым. Андай ыкма иштебеген соң тааныштар аркылуу акча сунуштай башташты. 500 миң берем деп жатат дешти, алгач. Болбойт андай, 500 миңби, 500 миллиардбы, болбойт деп койдум. Андан кийин миллионго чыкты», — дейт ал.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.