Али Токтакунов: «Президенттик башкаруунун мүмкүн болгон жаман жактарын көрбөдүкпү?»

«Президенттик башкаруунун мүмкүн болгон жаман жактарын көрүп бүтпөдүкпү?» деп суроо салат, журналист Али Токтакунов. Ал мындай оюн «Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып билдирди.

«Авторитаризмге жол бербеген, моюн бербеген, бирин-бири көзөмөлдөгөн тең салмактуу башкаруу — бул парламенттик башкаруу. Президенттик башкаруунун мүмкүн болгон жаман жактарын көрүп бүтпөдүкпү? Мына, биз Матраимовдор боюнча иликтөөлөрдү жасап жаттык. Матраимов дагы президенттик бакшаруунун туундусу. Анан дагы бир сунуш талкууланып жатпайбы, Жогорку Кеңешке депутаттарды бир мандаттуу аймактардан шайлайлы деген. Эгер мындай жолго өтчү болсок — азыркыдай эле көпөстөр, уялчаактар, макалёлор, сексалюлар бардыгы парламентке жыйылат. Ошону менен өлкө күм-жам болот»,- дейт Токтакунов.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.

Маек толугу менен шилтемеде.