Алишев Козуев: «Бийлик үстүртөн эле шылтоо кылып, басмырлоого барбаш керек»

Мындан эки күн мурда 20дан ашуун саясатчылар жана жарандык активисттердин үйүндө тинтүү жүрүп, кармалып, андан ары алар камакка алынышты. Ички иштер министрлигинен бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришти. Биз массалык кармоолорго байланыштуу депутаттардын пикирин билип көрөбүз.

Депутат Алишев Козуев толук маалымат жоктугунан канчалык деңгээлде туура болгонун айта албарын билдирди. «Негизинен караганда, алардын айтканын экспертиза караш керек. Үстүртөн эле бир шылтоо кылып, басмырлоого барбаш керек. Толук таанышпаган соң айта албайм», — деди ал.