Ализа Солтонбекова Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына сунушталды

Учурда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде министрдин орун басары кызматында иштеп жаткан Ализа Солтонбекова өкмөт башчы тарабынан ушул эле мекеменин министрлик кызматына сунушталды. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук жана Регламент маселелери боюнча комитетте, ошондой эле Социалдык маселелер, илим, билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча комитетте каралганы маалым болду.

Аталган министрликти жетектеп келе жаткан Улукбек Кочкоров өзүнүн каалоосу менен жумуштан кеткенин соцтармактар аркылуу билгенин айткан.

Садыр Жапаров баштаган өкмөт Кочкоровдун ордуна Аида Исмаилованы сунуштап, аны парламент жалпы жыйында бекитпей койгон эле. Исмаиловага карата негизги сын анын пандемия күчөп турган маалда вице-премьерлик кызматын убактылуу токтотуп парламенттик шайлоого кетип калганы болгон.