Ализа Солтонбекова министрдин биринчи орун басары болду

Кечээ, 3-февралда Улукбек Мариповдун өкмөтү бекитилип, Саламаттыкты сактоо жана Социалдык өнүктүрүү министрликтери бириктирилген. Ага ылайык, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өз ордунда калса, буга чейинки Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу Ализа Солтонбекова бүгүн, анын биринчи орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Ализа Солтонбекова 2020-жылдын ноябрь айында Улукбек Кочкоровдун ордуна Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалган эле.